Бүгүн, 11-июлда кыз-келиндер арасындагы футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасы Түркмөнстанга каршы беттешет.
Беттеш "CAFA Women's Championship" эл аралык турниринин алкагында Тажикстандын Дүйшөмбү шаарында өтөт. Оюн саат 20:00дө башталат.
Ушул эле турнирдин алкагында Кыргыз курамасы алгачкы оюнунда Иранга 1:0 эсебинде жеңилип калган.