БУУ Украинада согуш учурунда сексуалдык зомбулуктун 124 учуру катталганын билдирди

Украинада согуш учурунда сексуалдык зомбулуктун 124 учуру катталган. Бул тууралуу БУУнун Башкы катчысынын атайын өкүлү Прамила Паттен маалымдады.

Орусия-Украина согушундагы сексуалдык зомбулукту иликтөө менен алектенген БУУнун баш катчысынын атайын өкүлү Прамила Паттен билдирүүсүндө: "Украинада согуш учурунда 124 сексуалдык зомбулук фактысы катталган. Колдо болгон маалыматтар айсбергдин чети гана", - деген.

Украина буга чейин Орусия согуш учурунда 22 миң 500дөн ашык согуштук жана агрессивдүү кылмыш жасаганын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан