Ош шаарында ажатканага түшүп кеткен 2 жаштагы наристе куткарылды. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, Лесная көчөсүндө жайгашкан турак үйдүн ажатканасына 2020-жылы туулган В.Х. аттуу наристе түшүп кеткен.
"Жерине Ош шаардык куткаруу кызматынан 4 куткаруучу тартылып, баланы аман-эсен чыгарышып, "Тез жардам" кызматына өткөрүп беришкен. Учурда анын абалы жакшы", - деп айтылат маалыматта.