Чүйдө таштанды таштоочу жайдан өрт чыгып, 1 гектарга жакын аянты күйүп кетти

Кечээ, 11-июль күнү Аламүдүн районуна караштуу Молдовановка айылы менен Ленин айылынын ортосунда жайгашкан таштанды таштоочу жайда өрт чыккандыгы маалымдалган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, жерине саат 15:11де Аламүдүн райондук №1 өрткө каршы куткаруу кызматынан 1 бир бөлүм, 1 суу ташуучу унаа тартылган. Тилсиз жоо саат 15:56да чектөөгө алынып, толугу менен саат 17:00дө өчүрүлгөн.

Такталган маалыматка ылайык, таштанды таштоочу жайдын 1 гектарга жакын аянты күйгөн. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан