Чүй облусунда “Йакын инкар” диний-экстремисттик агымынын жактоочулары кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, милиция жана УКМКнын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө тыюу салынган “Йакын инкар” диний-экстремисттик кыймылынын мүчөлөрү жашаган 3 даректе тинтүү жүргүзүлгөн. Натыйжасында ар кандай диний адабияттар, баракчалар, дептерлер жана уюлдук телефондор алынып, текшерүү үчүн тиешелүү экспертизалар дайындалган.
Бул факты Кылмыш-жаза кодексинин 331-беренесинин (Экстремисттик уюмду түзүү жана каржылоо) негизинде кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган.
"Кылмышка шектелип мурда соттолгон 1993-жылы туулган Б.О.,1987-жылы туулган С.К. жана 1987-жылы туулган К.У. аттуу жарандар кармалып, Сокулук районунун убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Кармалгандар “Йакын инкар” диний-экстремисттик агымынын идеяларын жайылтуу максатында үгүт иштерин жүргүзүп келишкени аныкталган.
Учурда сотко чейинки териштирүү иштери уланууда", - деп айтылат маалыматта.