Бишкекте унаадан уюлдук телефон жана 100 миң сом акча салынган капчык уурдаганга шектүүлөр кармалды

Бишкекте унаадан уюлдук телефон жана 100 миң өлчөмүндөгү акча каражатын уурдоого шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 18-июнь түнкү саат 01:00 чамасында белгисиз адамдар Бишкек шаарынын Москва көчөсүндө токтоп турган БМВ үлгүсүндөгү унааны мыйзамсыз ачып кирип, ичинен iPhone үлгүсүндөгү уюлдук телефон жана 100 миң сом акча салынган капчыкты жашыруун уурдап кетишкен.

Бул факты Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (уурдоо) менен катталып, кылмыш иши козголгон.

Бул кылмыштын бетин ачууга багытталган ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө кылмышка шектүү адамдар аныкталган.

Алардын бири 1999-жылы туулган А.К. уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда каттоодо турат, экинчиси 1996-жылы туулган Ч.М.

Кармоо жана жеке текшерип кароо учурунда А.К. аттуу жарандын жанынан белгилери өчүрүлгөн, 4 даана огу менен ок атуучу куралы табылып алынган.

Бул факты боюнча 267-беренеси менен (куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) катталып, тиешелүү экспертизалар дайындалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан