Мирбек Атабековдун жубайы жол кырсыгына кабылды

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Мирбек Атабековдун жубайы Мээрим Төлөпберген АКШда жол кырсыгына кабылды. Бул туурасында ал Твиттер баракчасына жазып чыкты.

Анда ал кырсыктан жаракат албаганын, болгону нес абалда калганын айтат.

"Америкада биринчи жолу жол кырсыгына кабылдым. Унаанын багажниги, номуру жана бампери зыянга учурады. Абалым жакшы, болгону нес абалда болдум. Мени сүзгөн аял да жакшы. Ал алаксып кетип, аралыкты сактабай калыптыр. Кырсыктан кийин экөөбүз ал-абалыбызды сураштык, баары жакшы. Экөөбүз тең адекваттуу экенбиз. Ызы-чуусу жок тарадык. Ал аял күнөөсүн моюнуна алды. Эми бул окуя боюнча камсыздандыруу кампаниялары иш алып барат. 3 сааттан кийин аябай ызаланып, ыйлап алдым", - деп жазган ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан