Бишкек шаарындагы Токтоналиев жана Масалиев көчөлөрүнүн кесилишинде ачык аянтта куураган чөптөн өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМдан кабарлашты.
Ага ылайык, өрттү өчүрүүгө саат 13:38де Ленин райондук №28 ӨКБдан 1 бөлүм тартылган. Өрт саат 14:10до чектөөгө алынган. Учурда өрттү толук өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
Кошумча маалымат берилет.