Тоң районунда мыйзамсыз менчиктештирилген бала бакча мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдирди.
Маалыматка ылайык, Тоң районунун Бөкөнбаев айылында жайгашкан “Күн-Чыгыш” бала бакчасы 1999-жылы мыйзамсыз менчикке берилип кеткендиги аныкталган.
"Аталган социалдык объектини мамлекетке кайтаруу максатында райондук прокуратура тарабынан сотко доо арыз келтирилип, доо арыз сот органдары тарабынан толук канааттандырылган.
Прокурордук чара көрүү актысынын негизинде базар баасы 7 миллион 53 миң сомду түзгөн бала бакчанын имараты, короо жайы менен муниципалдык менчикке Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнүн карамагына кайтарылды", - деп айтылат маалыматта.