Буга чейин Ысык-Көл облусунда 16 жаштагы кызды никеге туруу максатында ала качышты деп милицияга 1965-жылы туулган Д.Х. аттуу жаран кайрылган.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 12-июль күнү Түп РИИБинин кызматкерлери ала качырылды делген кыздын ата-энесинин үйүнө барышкан. Анда кыздын апасы, 45 жаштагы К.К. аттуу жаран милиция кызматкерлери келер алдында кызын үйүнө алып келип, Каракол шаарынын тургуну Д.Х.нын кызынын уурдалышы жөнүндө айткандарын чындыкка дал келбестигин айткан.
Анын айтымында, окуядан бир күн мурун кызын уюлдук телефон менен көп отурганы үчүн урушкан. Ал эми таарынган кызы эртеси Түп районунун айылдарынын биринде жашаган чоң энесине кетип калган. Апасы аны ошол жерден таап алган. Бул көрсөтмөлөрдү 16 жаштагы С.А. аттуу жаран жана анын 46 жаштагы атасы тастыктады. Мындан тышкары жашы жете элек С.А. аттуу жаран Каракол шаарынын ички иштер бөлүмүнө арыз ээси көрсөткөн Кара-Балта шаарынан келген жигитти тааныбай турганын түшүндүргөн.
Түп РИИБинин тергөө кызматы тарабынан тергөөгө чейинки иш-чаралар жүргүзүлүүдө.