“Объектилерди башкаруу дирекциясы” мамлекеттик ишканасына караштуу “Ак-Кеме” мейманкана комплексинин жооптуу адамдары тарабынан кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактылары
аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, УКМК Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү
башкаруу боюнча фондунун (ММБФ) балансында турган мамлекеттик ишканалардын ишине талдоо жүргүзгөн. Жыйынтыгында “Ак-Кеме” мейманканасынын кызмат адамдары тарабынан мамлекеттик мүлктү мамлекеттин кызыкчылыгына зыян келтирүү менен натыйжасыз пайдалануу, анын натыйжасында мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилгени боюнча маалыматтар алынган.
"Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында “Ак-Кеме” МК ишмердүүлүгүн текшерүү актысына ылайык, мамлекеттик бюджетке 7 миллион сомдон ашык материалдык зыян келтирген жетекчиликтин атайылап 2021-жылдын декабрынан 2022-жылдын апрелине чейинки аралыкта чет элдик студенттер үчүн бөлмөлөрдүн баасын мыйзамсыз төмөндөтүп бергени аныкталган", - деп билдиришти УКМКдан.
Тергөө иштеринин жүрүшүндө “Ак-Кеме” мейманканасынын мурдагы жетекчиси Т.Б. кармалып, УКМКнын тергөө камак жайына жайгаштырылды.
Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында “Ак-Кеме” мейманканасынын ишмердүүлүгүнө кошумча текшерүү дайындалып, бул кылмышка тиешеси бар адамдардын тобун аныктоо боюнча тиешелүү чаралар көрүлүүдө.