Бишкек шаарында 8-июлдан бери дайынсыз болуп изделип жаткан 13 жаштагы Улан Болотов аман-эсен табылды. Бул тууралуу Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнөн кабарлашты.
Маалыматка ылайык, изделип жаткан өспүрүм үйүнө өзү кайтып келген. Жашы жете элек баланын коопсуздугу үчүн милиция кызматкерлери ата-энесине түшүндүрүү-профилактикалык баарлашуу иштерин жүргүзүштү.
Райондук милиция учурда окуянын бардык жагдайлары иликтенип жатканын билдирди.
Улан Болотов 8-июлдан бери дайынсыз болуп, изделип жаткан.