Баткендеги Исфайрам-Сай дарыясына 10 жашар бала түшүп кетти. Бул тууралуу ӨКМдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ, 12-июль күнү Майдан айыл аймагына караштуу Кереге-Таш айылында 2012-жылы туулган Т.А. аттуу бала Исфайрам-Сай дарыясына түшүп кеткен. Жерине издөө иштерин жүргүзүүгө 8 куткаруучу тартылган. Кеч киргендигине байланыштуу издөө иши убактылуу токтотулду, натыйжа болгон жок.
Издөө иштери бүгүн, 13-июль күнү улантылат.