Буга чейин Каракол шаарындагы педагогикалык окуу жайдын студенти күйөөсү тарабынан сабалып, зордукталганы айтылган.
Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришкендей 4-июль күнү милицияга Каракол шаарынын 24 жаштагы Т.А. аттуу тургуну кайрылган.
Анда ал ошол эле күнү саат 15:30дар чамасында автобекетте анын күйөөсү К.А. аттуу жаран жашы жете элек кызын тартып алып, үйүнө алып кеткендигин айткан. Бул билдирүү Каракол шаардык ички иштер башкармалыгынын электрондук маалымат журналына катталып, текшерүү иштери башталган.
"Текшерүүнүн жүрүшүндө арыз ээси менен маектешүү өткөрүлдү", - деп жазылган маалыматта.
Келиндин көрсөтмөсүнө ылайык, ал ошол күнү үч жаштагы кызы К.С. жана бир жаштагы уулу К.А.ны алып, Таласка эжесиникине бара жаткан. Бул учурда анын күйөөсү К.А. автобекетке барып кызын алып кетип калган. Ошол эле учурда келин күйөөсү аны сабаган эместигин айтып, соттук-медициналык экспертизадан өтүүдөн баш тарткан.
Арыз ээсинин күйөөсү да суралган. Күйөөсү дагы аялын урбаганын белгилеген. Анын көрсөтмөсүнө караганда, ошол күнү ага жубайынын иниси телефон чалып, эжеси балдары менен Талас облусундагы эжесиникине кетип жатканын айткан. Анан автобекетке келип, кызын аялынан алып үйүнө жөнөгөн.
7-июль күнү 24 жаштагы Т.А. аттуу Каракол шаардык ички иштер башкармалыгынын электрондук маалымат журналына катталган материалды токтотуу боюнча тосмо арыз менен кайрылган.
Бул факты боюнча чара көрүү максатында Кылмыш-жаза кодексинин 70-беренесинин "Үй-бүлөдөгү зомбулук" боюнча материалдар Каракол ШИИБинин коомдук коопсуздук кызматына өткөрүлүп берилди.