Баткенде жайлоого эс алганы чыккан жаран октон алган жаракатынан улам каза болду. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 13-июль күнү саат 06:20 чамасында Баткен облустук биргелешкен ооруканасынын кабыл алуу бөлүмүнүн дарыгери Баткен шаарынын 37 жаштагы К.К. аттуу тургуну денесинен алган жаракатынан улам ооруканага жетпей каза болуп калгандыгын милицияга билдирген.
Бул маалымат Баткен РИИБдин кылмыштардын бирдиктүү реестринин маалыматтардын электрондук журналына катталган.
"Баткен районунун Ак-Татыр айыл аймагына караштуу Геревшин жайлоосунда 12-июль күнү болжол менен саат 14.30дар чамасында 35 жаштагы У.А. аттуу жаран үйүнүн ичинде өзүнүн ок атуучу куралын октоп жатып, кокусунан атылып кетип, сыртта эшиктин алдынан өтүп бараткан Баткен шаарынын 37 жаштагы тургуну К.Кга тийген.
Ошол замат анын жараатын байлап, Курбака участкасындагы аскер кызматкерлерине кайрылышкан. Ал жерде медициналык жардам көрсөтүлүп, 13-июль күнү саат 03.30дар чамасында Баткен районунун Ак-Татыр айылындагы Баткен-Исфана унаа жолуна жетип келишкен. Ал эми ошол учурда К.К. денесинен алган жаракатынан улам көз жумган.
Азыркы учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүп жатат", - деп жазылган маалыматта.