
Нарында сууга түшүп кеткен 80 жаштагы карыяны издөө иштери убактылуу токтотулду. Бул тууралуу ӨКМдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 29-июндан бери дайынсыз жоголуп жаткан Нарын шаарынын 80 жаштагы Т.Ж. аттуу тургунун издөө иштеринен натыйжа болбогондугуна байланыштуу убактылуу токтотулду. Анын себеби жайдын аптабында күн ысып, Нарын дарыясынын деңгээли көтөрүлүп издөөгө мүмкүн эмес.
Ошондой болсо да бул жагдай көзөмөлгө алынып, дарыяга жакын жайгашкан айылдардын башчыларына суудан адамдын сөөгү табылып калса кабарлоо керектиги тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Эске салсак, 80 жаштагы карыя үйүнөн кечинде чыгып кеткен боюнча кайрылып келген эмес. Аны издөө учурунда кийимдери Нарын дарыясынын жээгинен табылган.
Мындан улам ӨКМнын Нарын облустук башкармалыгынын Нарын шаардык жана райондук ӨК бөлүмдөрүнүн куткаруучулары жана туугандары менен биргеликте бир нече топторго бөлүнүп дарыя жээктеп батышты карай издөө иштерин жүргүзүп келишкен.
Кошумча маалымат берилет.