Өлкө аймагынан коңшу Казакстанга 6 тонна кум шекерди алып өтүүгө аракет кылгандар кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, 6 тонна кум шекер Mercedes-Benz унаасына жүктөлүп, коңшу өлкөгө бара жатканда алынган. Текшерүү учурунда товардын коштоочу документтери болгон эмес.
Май айында министрлер кабинети кум шекерди жана чийки камыш кантты өлкөдөн алып чыгууга (экспорттоого) алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салуу киргизген.