Колдон-колго өтүп зордукталган 13 жаштагы кыз: Соттук отурум 18-июлга жылдырылды

Колдон-колго өтүп зордукталган 13 жашар секелектин иши боюнча сот отуруму 18-июлга жылдырылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына жабырлануучунун жактоочусу Тимур Султанов билдирди.

Бүгүн, 13-июлда Бишкектин Свердлов райондук сотунда 13 жаштагы кызды зордуктоо боюнча сот отуруму жабык өткөрүлдү. Айыпталуучу тараптын жактоочулары келбегендигине байланыштуу жараян болгон жок жана кийинкиге жылдырылды.

Ошондой эле соттук териштирүүнүн мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу териштирүүнүн мөөнөтү дагы эки айга жылдырылды. Айыпталуучулардын баш коргоо чарасы өзгөртүүсүз калтырылды.

Кечээ, 12-июлда өткөн соттук отурумда шектүүлөр күнөөнү моюндарына алышкан эмес.

Эске салсак, буга чейин 13 жаштагы кыздын зордуктоого кабылгандыгы боюнча кабар желдей тараган. Анда "Дордой" базарындагы кароолчу зордуктагандыгы айтылган.

Андан соң кыздын ата-энеси SUPER.KG порталына бул окуя тууралуу 13 жашар кызын 2 милиция кызматкери жана 2 жөнөкөй жаран жарым жылдай зордуктап жүрүшкөндөрүн айтып беришкен. Алардын айтуусунда, мындай көрүнүш өткөн жылдын август айынан 2022-жылдын февраль айына чейин уланган.

Учурда кылмышка шектүүлөрдүн баары тергөө абагына камалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан