Курман айт күнү жардыруу уюштурууну пландагандардын бири Жалал-Абаддан кармалды

Жалал-Абад облусунда Курман айт намазында жардыруу уюштурууну пландаган дагы бир жаран кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 7-июль күнү Айт намазында “Катиба аль Таухид валь-Жихад” эл аралык террордук уюмунун активдүү колдоочусу Р.Ж. аттуу Кыргыз жараны Сириядан келген эки чет элдик согушкерди тосуп алмак. Анда ал бүлүнтүү жана террордук аракеттерди жасоонун кылмыштуу пландарын ишке ашырууда согушкерлерге жардам бермекчи болгон.

"Тергөөнүн жүрүшүндө кармалган Кыргыз жараны узак убакыт бою чет өлкөдө болуп, ал жерде анын Кыргызстанда кылмыштуу ишмердүүлүгүн координациялап турган тууганы тарабынан радикалдык экстремисттик идеологияга аралашканы аныкталган.

Р.Ж. Сирияда атайын террордук даярдыктан өткөн деген ыкчам маалымат бар.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат. Шектүү УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди.

Аталган террордук топтун башка тарапташтарын издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, буга чейин Айт намазында жардыруу уюштурууга шектелип Сириядан жасалма паспорт менен келген эки чет элдик жаран кармалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан