Ошто ишенимге кирип бир нече жаранды алдап кеткенге шектүү катары С.Ж. аттуу жаран кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Аталган жаран 2018-жылы Б.М. аттуу жарандын ишеничине кирип, жалпы суммасы 1 миллион 628 миң 930 сомду түзгөн 38 миң 730 литр дизелдик күйүүчү майын насыяга алып, андан кийин изин жашырган.
2019-жылы дагы бир Ш.А. аттуу жарандын ишеничине алдоо жолу менен кирип, Мерседец-Бенц үлгүсүндөгү унаасын 5 миң долларга баалап насыяга алып, качып кеткен.
Бул фактылар боюнча, С.Ж. тергөө кызматына келбегендиктен анын үстүнөн 2020-жылдын 1-октябрь күнү издөө иши ачылган. Эки жылдан кийин С.Ж. тергөөгө камсыз кылынып, айыбы угузулуп кылмыш иши сотко чыгарылган.
Бирок соттун отурумуна келбей жүргөн. 12-июль күнү издөө иштеринин натыйжасында, шектүү Лейлектен кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.