Ысык-Көлдө сел жүрүп, бир нече турак үйдү жана ички жолдорду каптады

Кечээ, 13-июлда Ысык-Көл облусуна караштуу Ак-Суу районунда катуу жааган жаандан улам сел жүрүп, бир нече турак үйдү каптады. Бул тууралуу ӨКМдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 13-июлда Ак-Суу районунун Челпек айыл өкмөтүнүн Бурма-Суу айылында нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен чогулган сел каналдарга батпай, турак үйлөрдүн короолорун жана ички чарбалык жолдорду каптады.
Жерине Ак-Суу райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 2 офицер, Каракол шаардык №15 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнөн 4 куткаруучу тартылып, мотопомпа жана башка атайын шаймандар менен сууларды сордуруп тазалоо иштери жүрүүдө.
Ошондой эле Челпек айыл өкмөтүнөн 1 даана МТЗ-82 экскаватору тартылып, каналдардын жээктери бекемделүүдө.
Ысык-Көлдө сел жүрдү
Ысык-Көлдө сел жүрдү 2
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан