"Коомдук иш-чараларга катыша берүү керек". "Кыргызстандын мыкты окуучусу" Акылмырза Темиркулов ийгилигинин сыры менен бөлүштү

Борбор калаабызда 12-июль күнү "Кыргызстандын мыкты окуучусу" конкурсунун сыйлоо аземи болуп өттү. Аталган конкурс Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан уюштурулган.

"Кыргызстандын мыкты окуучусу" наамына билим берүү, коомдук турмуш, спорт, маданият, илимий изилдөө, ишкердик тармактарында өзүн мыкты көрсөткөн мектеп окуучулары ээ болушту. Алар I, II, III даражадагы диплом, төш белги жана күбөлүк менен сыйланышкан.

Жалпысынан бул конкурска миңдей окуучу катышып, анын ичинен 100 окуучу аталган наамга тандалып алынган.

SUPER.KG порталы "Кыргызстандын мыкты окуучусу" наамына ээ болгон Акылмырза Темиркулов менен маек курду.

- Саламатсызбы Акылмырза, алгач эле ийгилигиңиз менен куттуктайбыз! Өзүңүз тууралуу айтып берсеңиз.

- Чоң рахмат. Мен Акылмырза Темиркулов Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Терек-Суу айылында 2004-жылы туулгам. Мектепти Бишкек шаарындагы №96 орто мектебинен бүтүрдүм. Ысык-Көл жаштар клубу коомдук бирикмесинин комитет жетекчиси, Жаңы дем жаштар клубунда жана Балдарды коргоо борборунда ыктыярчы болуп келем. Учурда жогорку окуу жайларды тандоо менен алекмин.

- "Кыргызстандын мыкты окуучусу" наамын кантип алып калдыңыз?

- Алгач конкурс туурасында аталган долбоордун уюштуруучуларынын бири Таалайбекова Жаркынай айымдан угуп катыштым. Конкурстун талаптарына ылайык, өмүр баянымды, буга чейинки жетишкен ийгиликтеримди тастыктаган сыйлыктарымды жана "Кыялымдагы Кыргызстан" аталышындагы дил баянды электронддук форматта жазып жөнөттүм. Эки жумадан кийин конкурстан өткөндүгүм туурасында билдирүү келди. Аябай кубандым. Жалпысынан миңге жакын окуучу катышып, анын ичинен жүз окуучу тандалып алынды.

12-июль күнү конкурстун сыйлоо аземи болуп, анда ийгиликтүү инсандар менен жолугушуу, улуттук тарых музейине экскурсия, "Ата-Бейит" мемориалдык комплексине саякат жана концерттик программа орун алды. Баалуу белектер менен сыйландым.

- Буга чейинки ийгиликтериңиз менен бөлүшсөңүз.

- Мектепте абдан жакшы окучумун. Өзгөчө тарых жана география сабактарынан мектеп ичиндеги олимпиадаларды жеңип, райондук турларга да өткөм. Тарых сабагынан олимпиадага 3 жыл катарынан барып, топ 5 орундукка киргем.
Коомдук иштерге да активдүү катышып, Октябрь районунун акиминин ыраазычылык баракчасы менен сыйлангам. Өзүм окуган мектептин президенти болууга да жетиштим. Ленин районунун жаштар кеңешинин лидери болдум. Ленин районунун акиминен да ыраазычылык баракча алгам.

- Аталган наамга ээ болуу учүн окуучулар кандай артыкчылыктарга ээ болушу керек? Эмнелерге көңүл буруу зарыл?

- Бул наамга окуучуларды тандоодо алгач эле анын жетишкен ийгиликтери каралып, андан соң дил баян аркылуу сабаттуулугу текшерилет экен. Ошондой эле окуучунун коомдук иш-чараларга катышуусу, активдүү иш алып баруусуна көңүл бурулат. Болушунча ар кандай сынак, иш-чараларга катыша берүү керек.

- Кайсы кесиптин адиси болгуңуз келет, кайсы окуу жайдан билим алайын дейсиз?

- Эл аралык мамилелер бөлүмүнө тапшырып, дипломат болууну каалайм. Кыргыз-Түрк "Манас" университетине тапшырууну көздөп жатам.

- Маегиңизге чоң рахмат! Ийгиликтерди каалайбыз!

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан