Бишкекте чет элдик жаранды карактап кеткендер кармалды (видео)

Ленин райондук ички иштер башкармалыгы чет элдик жаранды карактап, буюмдарын тартып алган шектүүлөр кармалганын кабарлады.

Маалыматка ылайык, милицияга Ш.М. аттуу АКШнын жараны арыз менен кайрылган. Анда 11-июль күнү саат 00:10 чамасында Лев Толстой жана Репин көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз жарандар арыз ээсине күч колдонуп, анын капчыгын тартып алышкан.

"Капчыкта 7 миң сом, банк картасы жана бриллиант ташы бар күмүш чынжыр болгон. Келтирилген чыгым 110 миң сомду түзөт", - деп жазылат маалыматта.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси (Каракчылык) менен кылмыш иши козголгон.

Кылмышка шектелип 2001-жылы туулган К.К., 1999-жылы туулган Ж.Ш., 1999-жылы туулган К.А. жана 1995-жылы туулган И.А. кармалып, Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

карактоо
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан