Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген шек менен Шопоков шаарынын мурдагы мэри кармалды.
УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришкендей, Сокулук районунун Шопоков шаарынын мэри У.С.К. Сокулук райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын башчысынын мурдагы орун басары А.Б.Т. жана “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Сокулук филиалынын жер бөлүмүнүн башчысы кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
"Кармалгандар алдын ала сүйлөшүп алып, жасалма документтердин негизинде жарандарга белгилүү бир акчалай сыйлыкка муниципалдык менчиктеги жер тилкелерин өткөрүп беришкен.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат", - деп айтылат маалыматта.