RG Brands - бул алдынкы, суусундуктарды чыгаруучу компаниялардын бири. Биздин негизги милдетибиз керектөөчүлөрдү дайыма жогорку сапаттагы продукция менен камсыз кылуу. Бул үчүн биз инновацияларды иштеп чыгып, эл аралык стандарттарды так сактайбыз. Биз өзүбүздүн продукциянын сапатына ишенебиз жана аларды жергиликтүү жана эл аралык керектөөчүлөргө ар түрдүү даам каалоолорун канааттандыруу үчүн сунуштайбыз.
Тамак-аш азыктарын өндүрүүдөгү, алдынкы технологияларды иштеп чыгуудаагы дүйнөлүк лидерлер менен кызматташуунун аркасында биз мыкты тажрыйбаларды жана сапат стандарттарын колдонобуз, аны жыл сайын дүйнөгө белгилүү аудитордук институттардын сертификаттары менен ырастап турабыз. Өндүрүш заводу, өндүрүштү толук автоматташтыруу менен камсыз кылуучу Krones, KHS, Sidel, Van Der Mollen, Berkefeld, Tetra Pak сыяктуу жогорку класстагы жеткирүүчүлөрдүн жаңы муундагы жабдуулары менен жабдылган.
2010-жылдан бери компания бөтөлкөдөгү A'SU суусун чыгарат. Өндүрүүчү суунун курамына жана даам компонентине өзгөчө көңүл бурат. Эң мыкты дүйнөлүк тажрыйбага ээ болгон эксперттер жана дегустаторлор формуланы, даамды жана сапатты жакшыртуунун үстүндө тынымсыз иштеп жатышат. A'SU тоолуу минералдардын уникалдуу балансы менен байытылган жана толугу менен организмге сиңириле алат. Ароматталган суу уникалдуу даам жана жыт кошкон табигый ингредиенттерди камтыйт.
Компания бөтөлкөдөгү A'SU суусун, борбор Азиядагы эң алдынкы жана заманбап заводдордун бири болгон “Аксенгир” борборунда чыгарат. Суу өндүрүүнүн бүткүл процессинде адистер продукциянын сапатын такай жана кылдаттык менен көзөмөлдөшөт. Заводдо үч типтеги алты лаборатория бар: аналитикалык, кириш контролдоо жана микробиологиялык. Баары эң заманбап жабдуулар менен жабдылган. Ар бир он беш мүнөт сайын лаборанттар ар бир өндүрүш линиясынан бир бөтөлкө продуктуну алып, алынган үлгүлөрдү дүйнөлүк тамак-аш ченемдеринде кабыл алынган бир катар параметрлерге шайкештигин текшеришет.
ПЭТ бөтөлкөлөрдү да заводдун өзү чыгарат, бул үчүн коңшу өлкөлөрдөн келген калыптар колдонулат. Колдонулган чийки заттар экологиялык жактан таза, суунун даамына, түсүнө, жытына жана курамына таасир этпейт. Бардык бөтөлкөлөр суу менен толтурулганга чейин стерилизацияланат. Экинчи желим бөтөлкөлөр мындан ары колдонулбайт.
Күн сайын биз сиздердин жогору койгон талаптарыңыздарды канааттандыруу үчүн керектөөчү өнүмдөрдү тынымсыз жакшыртуу үчүн иштейбиз.
RG Brands принциптери жогорку корпоративдик жоопкерчиликке негизделген. Компаниянын приоритеттүү милдеттеринин бири керектөөчү менен баарлашуу болуп саналат, анткени керектөөчүгө жана анын жыргалчылыгына кам көрүү компаниянын гүлдөп-өсүшүнүн негизи болуп саналат. Биз ар дайым пикир айтууга ачыкпыз. Бардык суроолор боюнча биз ишеним телефону аркылуу жооп берүүгө даярбыз: 3775.