Чыңгыз Мамаевдин соттук ишин кароо жай болууда, иштин жүрүшүнө канааттанбай жатабыз. Бул тууралуу SUPER.KG порталына актёрдун бир тууган агасы Бактыбек Мамаев билдирди.
“Сот отуруму улам-улам жылып, создугуп жатат. Иним жалган жалаанын арты менен ак жеринен үч жарым айдан бери негизсиз камакта отурат. Иш эми гана каралып баштады. Соттор адилеттүү чечим чыгарат деп ишенебиз. Мен эле эмес, үй-бүлөсү, бир туугандары, жакын санаалаштары, жумурай-журт адилеттүүлүктү күтүүдө”, - деп билдирген ал.
Зордуктоого шектелип СИЗО-1ге камакка алынган актёр Чыңгыз Мамаевдин иши боюнча соттук отурум бүгүн, 14-июлда болмок. Мекемеде электр жарыгы жок болгондуктан соттук отурум 21-июлга жылдырылды.
Буга чейин белгилүү актёр Чыңгыз Мамаев чет элдик жаранды зордуктоого шектелип кармалгандыгы кабарланган. Тергөө иштеринин жүрүшүндө Свердлов райондук соту камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын тандаган.
SUPER.KG порталы актёрдун бир тууганынын, кошуналарынын пикирин угуп, чагылдырган.
Белгилей кетсек, Чыңгыз Мамаев "Мезгил жана Алыкул" тасмасында башкы каарман Алыкул Осмоновдун ролун ойногон. Андан тышкары "Даңазалуу доор" сериалынын кыргызча котормосунда Ибрагим пашанын үнүн коштогону менен көпчүлүккө таанымал.