Бишкекте 31 жаштагы жаран 7 жарым миллион сомдук баңгизат менен кармалды (сүрөт)

Бишкекте 31 жаштагы жаран 7 миллион 560 миң сомго бааланган психотроптук затты колдонууга шектелип кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ИИМдин баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери 14-июлда Бишкек шаарынын аймагында издөө иш-чараларын жүргүзүшкөн. Анын жүрүшүндө ири өлчөмдө психотроптук заттарды көмүскө жерге жашырып жүргөн 1991-жылы туулган К.А.Ю. кармалган.

"Шектүүдөн таңгактоо үчүн каражаттар, тараза, жашырып орнотуу үчүн буюмдар, ошондой эле “Альфа PVP” психотроптук зат салынган бөтөлкө табылган.

Ал белгисиз адам менен алдын ала байланышып, баңгизаттарды катылган жерлерден алып турган. Андан соң алынган заттарды сатуу максатында таңгактап, жашыруун сактоочу жерлерге жашыргандыгын айтып берген.

Тергөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда “Альфа PVP” психотроптук зат салынган көлөмү 0,5 болгон 5 даана бөтөлкө табылган. Алынган заттын жалпы салмагы 1 килограмм 800 граммды түзүп, жалпы суммасы 7 миллион 560 миң сомго бааланган.

Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери уланууда", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан