Аламүдүн районунда унаалардан баалуу буюмдарды уурдап жүргөн жаран кармалды

Аламүдүн районунда унаалардан баалуу буюмдарды уурдап жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жүргүзүлгөн издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, унаалардын ичиндеги буюмдарды уурдоого шектелип 1989-жылы туулган А.А. аттуу жаран кармалган.

"25-июнда Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнө унаасынын айнегин сындырып, 18 000 сом акчасын жана алтын буюмдарын уурдап кеткен белгисиз адамга чара көрүү өтүнүчү менен О.С. аттуу жаран кайрылган.

Издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, кылмышка шектелген А.А.нын Аламүдүн жана Ысык-Ата райондорунда ушул сыяктуу дагы 3 фактыга тиешеси бар экени аныкталып, унаалардын ичинен капчыктарды жана башка баалуу буюмдарды уурдап жүргөнү белгилүү болгон", - деп жазылат маалыматта.

Учурда шектүү Аламүдүн РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, сотко чейинки териштирүү иштери жүрүп жатканы маалымдалат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан