Чүйдүн Беловодское айылында 2 жүк ташуучу унаа сүзүшүп, кырсыктын кесепетинен 2 жаран жабыркады. Бул тууралуу ӨКМдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ, 14-июлда кечки саат 8дер чамасында Беловодское айылынын Колхозная жана Ломоносов көчөлөрүнүн кесилишинде Форд Транзит жана Вольво оор жүк ташуучу унааларынын каттышуусунда жол кырсыгы катталды.
2 адам кыпчылып калган. Алар 1994-жылы туулган С.И. аттуу аял киши жана 2000-жылы туулган П.А. аттуу эркек бала. 5 куткаруучу тартылып, жарандарды унаадан чыгарышып, "Тез жардам" кызматына өткөрүп беришкен.