Кечээ, 14-июлда Чүйдүн Аламүдүн районунда 50 гектар жердеги куураган чөп күйдү. Бул тууралуу ӨКМдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Аламүдүн районундагы Арашан айыл өкмөтүнө караштуу Панорама дачасынын батыш тарабында болжол менен 50 гектар куураган чөп, арпа жана буудай күйгөн.
Өрттүн себеби такталууда.