Call-Centre кызматкеринен IT адисине чейин. Сезим Осмонова: "Кыялымдагы жумушта эмгектенем!"

Тырышчаактык менен умтулуу

Мен Чүй менен Турусбеков көчөлөрүнүн кесилишиндеги Политехникалык колледжде окучумун. Жаныбызда О! кеңсеси бар эле. Ары-бери өткөн сайын «Ушул жерде иштесем!» деп кыялданчумун. Колледжде окуп жүргөндө эле бул жерге ишке орношом деп көздөп койгом. Окууну аяктаган соң дароо Байланыш борборунун операторунун кызматына резюме тапшырдым. Үчүнчү аракеттен кийин жумушка алышты.

Байланыш борбору

Мен абоненттер менен сүйлөшүүдөн жана жоопкерчиликти талап кылган программалар менен иштөөдөн коркчумун. Интернеттин ырастоолору жөнүндө баарын билген мыкты балдарга суктануу менен карап отурчумун.

Бир аз убакыт өткөндөн кийин сапатты көзөмөлдөө адисинин кызматына жарыяланган сынактан өтүп кеттим. Бардык кызматтарды, процедураларды, эрежелер менен стандарттарды, О! тарифтерин мыкты билген жамаатта иштей баштадым.

Жаңы этап – О!Store

3 жылдан кийин ЦУМдагы O!Store кеңсесине которулуп, ал жерде 9 ай иштеген соң ГУМдагы филиалга жетектөөчү адис болуп дайындалдым. Эң сонун команда түзө алдык, баарына жардам берүүгө аракет кылчубуз. Ой-пикирлер дептеринде жалаң гана ыраазычылыктар жазылганы эсимде.

Ошентсе да ар кандай жагдайлар келип чыгат. Мындай учурда сүйлөшүүнү туура жүргүзүү, өнүмдөр тууралуу керектүү бардык маалыматка ээ болуу, башкаларды уга билүү, туура чечимдерди табуу абдан маанилүү. Оор жагдайлар менен нааразылыктар күнүгө эле боло берет, алар менен иштөөнүн көптөгөн жолдору бар, бирок эң натыйжалуусу – кунт коюп уга билүү. Бул ыкма мага далай эле жардам берди. Кыскасы, компанияда иштеген мезгилде мүнөзүм бышып, нервдерим күчтүү болуп калды.

Биз абоненттерге басып бара жатып, ал тургай фирмалык кийим кийип, ашканада кезекте турган учурларда да консультация берчүбүз. Кесиптештер менен абдан ынтымактуу элек. Стандарттуу эмес кырдаалдарда бири-бирибизге жардам берүүгө умтулчубуз, анткени баарыбыз тейлөө кызматында эмгектенип, бири-бирибизди абдан жакшы түшүнчүбүз.

Башкы кеңсе

2018-жылы башкы кеңседе вакансия ачылып, ички сынактан ийгиликтүү өтүп кеттим. Бул жерден да түрдүү кыйынчылыктарды чечүүгө даяр, бардык суроолорго жоопторду билген – өз ишинин мыкты кесипкөйлөрү жана дагы юмордук сезими мыкты адамдардын чөйрөсүнө кошулдум. Бир жыл иштегенден кийин жетектөөчү адиске чейин көтөрүлдүм. Биз абдан ынтымактуубуз, майрамдарды, туулган күндөрдү жана үйлөнүү үлпөттөрүн чогуу белгилейбиз.

Эми мен бизнес-аналитикмин

Жакында эле Маалымат технологияларынын дирекциясында бизнес-аналитик кызматына дайындалдым. Биздин команда процесстерди оптималдаштыруу боюнча иш-аракеттерди аткарып, маанилүү долбоорлордун үстүндө иштейт. Бул жерде ой жүгүртүүдө бир нече кадам алдыда болуп, чечимдин мүмкүн болгон бардык варианттарын алдын ала көрө билүү зарыл. Үйрөнүп, өздөштүрө турган дагы көп нерсе бар.

Өзүмдүн командамды абдан жакшы көрөм. Дайыма колдоп турушат, багыт көрсөтүшөт жана колунан келишинче жардам беришет. Дал ушул жерден көптөгөн досторду жана түгөйүмдү таптым. Баарына бул жашоодо өз ордун, жакын адамдарды жана кыялындагы жумушун таап алышына тилектешмин.

Кыялдагы жумуш табылат, мен үчүн бул жумуш – О!.

Баса, O!Store дүкөндөр тармагы сатуу көндүмдөрүнө ээ, кыргыз жана орус тилдеринде эркин сүйлөгөн, ПК жакшы билген амбициялуу, жоопкерчиликтүү жана көрүнүктүү кызматкерлерди өз командасына алат.

О! Мобилдик оператору төмөнкүдөй мүмкүнчүлүктөрдү берет:

  • туруктуу эмгек акы;
  • акысыз мобилдик байланыш;
  • эң сонун атмосфера жана карьералык өсүүнүн перспективалары.

Резюмеңди почтага ➡vacancy@nurtelecom.kg же WhatsApp’ка +996 (700) 000 430 жибер.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан