Турганбай Памири: "Ырчы Асел Кадырбекова кырсыктаган жерден мен дагы кырсыктадым"

SUPER.KG порталынын маек төрүндө памирлик кыргыздар, учурдун интернет жылдыздары Турганбай Памири жана бир тууган иниси социалдык тармакта жаш блогер деп таанылган Нажибуллах Памири болду.
"Биз 8 бир тууганбыз. Ар бирибиздин кулк-мүнөзүбүз, кыялыбыз ар башка. Бул Нажибуллах иним экөөбүз блогерликти аркалап, видео тартып жүрөбүз. Иним жакын арада эле бир сынакка катышып, Умрага жолдомо утуп алды. Эми ал жерге атабызды жибергени жатабыз. Кыргызстанга көчүп келгенден бери көп нерсени үйрөнүп, ийгиликтерди жараттым. Ошол эле учурда унаа дагы алдым. Бирок бир аз кырсыктап калдым. Азыр сүзүп алган унааны төлөө үчүн адамдарды тоого эс алдырып каражат таап жатам", - дейт Турганбай.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан