Нарында 29-июндан бери изделип жаткан 80 жаштагы карыянын сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 15-июлда Нарын дарыясынын жээгинен 16 күндөн бери изделип жаткан 80 жаштагы Т.Ж. аттуу карыянын сөөгү табылып, туугандарына өткөрүп берилген.
Эске салсак, 80 жаштагы карыя үйүнөн кечинде чыгып кеткен боюнча кайрылып келген эмес. Аны издөө учурунда кийимдери Нарын дарыясынын жээгинен табылган.