Ысык-Ата районунун Милянфан айыл өкмөтүнүн башкы адиси УКМКнын кызматкерине пара берип жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 14-июль күнү аталган аймактын айыл өкмөтүнүн кызматкери Б.Ю.Я. жайыт жерлеринин мыйзамдуулугун жана максаттуу пайдаланып жатканынын текшерүүнү токтотуу максатында УКМКнын кызматкерине 30 миң сом өлчөмүндө пара берүүгө аракет кылган жеринен кармалган.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренеси (пара берүү) менен кылмыш иши козголуп, шектүү УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда тергөө иштери уланууда.