Бишкекте адам өлтүрүүгө аракет жасоого шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, кечээ, 16-июлда Улуттук хирургия борборуна 1984-жылы туулган М. Г. аттуу аял бычак менен жабыркап түштү деген маалымат келип түшкөн. Бул маалымат боюнча кайгуул кызматкерлери окуя болгон жерге барып, текшерген учурда маалымат тастыкталып, кылмыш изи сууй электе шектүү катары 1973-жылы туулган Х. К. аттуу жаран кармалган. Ал ооруканага түшкөн аялдын күйөөсү болгон.
Текшерүү учурунда ал аялын 16 жолу бычак менен сайганын тастыктап берген. Шектүү андан ары тийиштүү чара көрүү үчүн Тергөө кызматына өткөрүп берилди.