"Барселона" клубунун башкы машыктыруучусу Иранга барганы үчүн АКШга кире албай калды

Испаниянын "Барселона" футболдук клубунун башкы машыктыруучусу Хави Эрнандес АКШга кире албай калды. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, мындан улам башкы машыктыруучу АКШда өтө турган оюндарга катышуу үчүн бара албай жатат. Буга себеп Хави Катардын "Аль-Садд" клубунда ойноп жүргөн кезинде Иранга баргандыгы болгон.

АКШда "Барселона" клубу "Интер Майами", "Нью-Йорк Ред Буллз", "Реал Мадрид" жана туриндик "Ювентус" клубдары менен ойношу керек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан