Бишкекке жакын жердеги тоодон өрт чыкты

Бишкек шаарынын түштүгүндөгү тоодон өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 16-июлда шаар четиндеги Чоң-Арык айылына жакын тоо боорунда куураган чөптөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Тилсиз жоону өчүрүүгө саат 14:50дө 1 бөлүм, саат 22:37де Сокулук райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 4 куткаруучу, саат 22:58де Бишкек шаарынан дагы 1 бөлүм тартылган.

Министрликтен кошумча маалымат берилерин билдиришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан