Ош шаарында "Биринчи турак жай" кооперативинин төрагасы И.Б аттуу жаран кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 2022-жылдын март айынан бери тергөө кызматына "Биринчи турак жай" коммерциялык эмес кооперативинин жетекчилерине жана уюштуруучуларына карата алдамчылык жана мыйзамсыз ыйгарып алуу, акча каражатын ысырап кылуу фактылары боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат.
Тергөөнүн жүрүшүндө республиканын ар кайсы аймактарынын жашоочуларынан "Биринчи турак жай" коммерциялык эмес кооперативинин жетекчилерине жана уюштуруучуларына чара көрүү өтүнүчү менен көптөгөн арыздар түшкөн. Учурда келтирилген материалдык чыгымдын жалпы суммасы 18 миллион 188 миң 260 сомду түзөт.
Буга байланыштуу кечээ, 16-июлда "Биринчи турак жай" кооперативинин төрагасы И.Б кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Ош шаардык ички иштер башкармалыгы "Биринчи турак жай" коммерциялык эмес кооперативинин ишмердүүлүгүнүн натыйжасында жабыр тарткандарды (0772) 33- 33-13 жана 102 кайрылууну суранат.