Бишкекте дайынсыз болуп жаткан 7 жаштагы бала аман-эсен табылды

Бишкек шаарынын борборунда агасы менен жүрүп адашып кеткен 7 жаштагы бала аман-эсен табылды. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Кайгуул кызматына кечээ, 16-июль күнү саат 22:00 чамасында "Мото" соода борборунун жанынан жаш бала жоголду деген маалымат келип түшкөн. Айтылган дарекке кайгуул кызматкерлери барып, маалыматты тактаганда ошол эле күнү болжол менен саат 18:45 чамасында 2015-жылы туулган Н. А. аттуу бала агасы соода борборуна кирип чыккыча белгисиз тарапка кетип калгандыгы аныкталган.

Кайгуул кызматкерлери ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүп, аз убакыттын ичинде адашып жүргөн жаш баланы таап, агасына сак-саламат жеткирип беришкен.

Инисинин табылганына сүйүнгөн агасы кайгуул кызматкерлеринин ыкчам аракетине ыраазычылыгын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан