Чүйдө фермадан өрт чыгып 223 бука күйүп кетти (видео)

Кечээ, 17-июлда Аламүдүн районунун Пригородное айылында фермадан ири өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Өрттү өчүрүүгө ыкчам топ тартылып, өрт түнкү саат 02:03тө чектөөгө алынып, учурда толук өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Тилсиз жоонун келип чыгуу себеби жана келтирилген материалдык чыгым такталууда.

Өрт чыккан ферманын жалпы аянты болжол менен 2 миң чарчы метр. Кырсыктын кесепетинен болжол менен 223 бука жана 30 миң түк чөп күйгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан