"Акыркы сабактагы" актёр Кадырбек Кылычбеков апасы Кымбат Кыдыбаева менен SUPER.KG порталына маек берди. Апасы уулу менен сыймыктанарын айтып, шайыр келинге туш болгусу келгенин кошумчалады. Эне-баланын маегин ютуб каналдан көрүңүздөр.
"Уулум мурда түнт болчу, спортко барып бир аз ачылды. Андан кийин эле балам тасмага тартылам деп калды, атасы экөөбүз көп деле ишенген жокпуз. Тасма Нарында тартылат дегенде уулум кийим-кечектерин салыштырып баштаганда ишендик. Ошол тартылган сериалындагы башкы каарманды жараткан Океана экөө сүйлөшөт деп ойлочумун", - дейт Кымбат Кыдыбаева.
"Сериалга тартылып багым ачылып кетти. Бир-эки тасмага сунуш түштү, бирок баш тарттым. Жакшы тасмаларда башкы каарманды жараткым келет", - дейт Кадырбек Кылычбеков.