Орус драма театрынын актрисасын өлтүргөн деген шек менен бир адам кармалды

Орус драма театрынын актрисасы Оксана Гоголду өлтүргөн деген шек менен бир адам кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 3-декабрда билдирди.
Бишкек ШИИББдин берген маалыматына караганда, актрисаны өлтүргөн деген шек менен кармалган адам Оксана Гоголдун телефонунун сим-картасын өз телефонуна орнотуп алган. Ошонун жыйынтыгында ал колго түшүп, телефон чалууларын текшергенде кылмыш болгон аймакта жүргөнү белгилүү болду.
Кармалган адамдын батири текшерилип, кылмышка тиешелүү далил буюмдар табылды.  Бирок, жасаган кылмышын моюнга ала элек.  Учурда тергөөчүлөр бул кылмышка башка адамдардын катыштыгы да болушу мүмкүн деген ойдо иликтөөлөрдү жүргүзүүдө.
Эскерте кетсек, Оксана Гоголь 30-ноябрь күнү Бишкектеги Уркуя Салиеванын эстелигинин аймагынан катуу сабалып, 1-декабрь күнү ооруканадан жан берген.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан