Лейлекте бала бакчанын кызматкери 6 баланы коюп кетти. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык. 15-июль күнү саат 11:30 чамасында Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагына караштуу “Шумкар” балдар бакчасынын 43 жаштагы кызматкери А.А (аял киши) өзүнүн унаасын бала бакчанын көлөкө жерине коюп жатып, ал жерде ойноп жаткан бала бакчанын 6 тарбиялануучусун коюп кеткен. Андан 5 жаштагы 1 бала, 2 жаштагы 5 бала денесинен жаракат алып, Кулуңду айылдык ооруканасына жеткирилген.
Бул факты боюнча А.А.га карата тиешелүү кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатканы айтылат.
"Тергөө иштеринин жүрүшүндө, тийиштүү экспертизалар дайындалып, 43 жаштагы А.А.нын айдоочулук күбөлүгү жок экендиги аныкталган. Унаасы айып төлөөчү жайга киргизилди. Ал эми жабыркаган балдардын бирөөсү оор абалда", - деп жазылат маалыматта.