Сокулук райондук прокуратурасы Ново-Павловка айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерине кылмыш ишин козгоду. Ал кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, КРнын жер мыйзамдарын бузуу, кызматтык укуктарынан аша чабуу беренелери боюнча айыпталууда. Муну бүгүн, 3-декабрда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди. Тергөөдө айыл өкмөт кызматкери тийиштүү документтери жок, жер берүү боюнча комиссиянын чечимисиз, мыйзам бузуу менен жарандарга жер тилкесин берүүгө чечим чыгарып бергендиги аныкталыптыр. Учурда иликтөө жүрүп жатат.