"Алтын, дөңгөлөк...". Ысык-Ата районунда уурулукка шектелгендер кармалды

Чүй облусунун Ысык-Ата районунун аймагында уурулукка шектелгендер кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ысык-Ата районунун ички иштер органдарына жергиликтүү тургундар белгисиз жарандарга карата чара көрүү өтүнүчү менен кайрылышкан.

Бул факты Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинде каралган кылмыш белгилери боюнча Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган.

Натыйжада кылмышка шектелип 1975-жылы туулган Р.Р. жана 2002-жылы туулган Б.Б. аттуу жарандар кармалып, Ысык-Ата РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

"Учурда кармалгандардын дагы ушундай беш кылмышка катыштыгы бар экендиги аныкталды. Шектүүлөр көпчүлүк учурда үй ээлери жок болгон учурларда күндүз жана түнкүсүн уурулук жасашкан. Учурда сотко чейинки өндүрүш иши уланууда", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан