Чүйдө уурулукка шектелип 21 жаштагы жаран кармалды

Чүй облусунун Аламүдүн районунда алтын-күмүш буюмдарын уурдоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 3-июль күнү милицияга Б.Е. аттуу жаран арыз менен кайрылып, анда белгисиз жарандар үйүнө кирип алтын жана күмүш буюмдарын уурдап кеткенин билдирген.

Бул факты Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (уурдоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Натыйжада кылмышка шектелип 21 жаштагы П.Р. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан