Мурдагы күйөөсү 16 жолу бычактаган аялдын абалы белгилүү болду

Бишкекте жолдошу 16 ирет бычактаган аялдын абалы туруктуу. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, аялга 16 жолу бычак сайылган. Учурда анын абалы канааттандырарлык, дарылануусун улантууда.

Эске салсак, 16-июлда 1984-жылы туулган М.Г. аттуу аял бычактан жаракат алып, Улуттук хирургия борборуна түшкөн. Ыкчам иликтөө-тергөөнүн жүрүшүндө ага 1973-жылкы Х.К. аттуу мурдагы күйөөсү кол салганы аныкталган. Кылмышка шектүү Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан