
Кадамжайда “Йакын Инкар” диний агымынын 5 мүчөсү кармалды. Баткен ОИИБинен билдиришкендей, алар жашоого толук шарты жок бир бөлмөлүү үйдө таңга маал жыйын өткөрүп жаткан жеринен кармалышкан.
Алар “Йакын-Инкар” диний агымынын мүчөсү катары каттоодо турган Марказ айылынын 28 жаштагы М.У, 44 жаштагы К.А, 53 жаштагы С.М жана Үч-Коргон айыл аймагынын (каттоодо турбаган) 32 жаштагы У.Д., 40жаштагы Г.Ш. тургундары болушкан.
"Кадамжай райондук сотунун тергөө судьясынын санкциясынын негизинде Үч-Коргон айыл аймагынын тургуну 40 жаштагы Г.Ш.нын жашап жаткан үйүнө тинтүү жүргүзүлгөн. Алардын жанынан 26 китеп, 19 даана ар кандай маанидеги баракчалар алынып, тийиштүү экспертизалар дайындалды", - деп жазылат билдирүүдө.
Кармалгандарга карата тиешелүү кылмыш иши козголуп, учурда тергөө иштери жүрүп жатканы айтылат.