Кочкордо жолдошу аялын бычактап, кийин өзү асынып алды

Кочкордо жолдошу аялына бычак менен кол салып, андан соң өзү асынып алды. Бул тууралуу Нарын ОИИБинен билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, окуя кечээ, 17-июль күнү саат 06:00 чамасында болгон.

Анда Кочкор айылынын тургуну 1989-жылы туулган Ш.Ж. менен жолдошу 1979-жылы туулган Э.Р үйүнөн өз ара уруша кеткен. Күйөөсү ашкана бычагы менен аялынын денесине кол салган. Натыйжада Ш.Ж денесинен жаракат алып, Кочкор райондук жалпы дарыгердик практика борборунун кайра жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

Ал эми Э.Рны издеп табуу максатында ыкчам иликтөө иштери жүргүзүлүп, 17-июль күнү Э.Р.нын жансыз денеси Кочкор районунун Токой чарбасына тиешелүү бакчасынан асынган абалда табылган.

Ага сыртынан кароо жүргүзүүдө күч колдонулган белгилери табылган эмес. Бул факты боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан