"Алты жылдан бери сүйлөшүп жүрчүбүз". Актриса Айгерим Саматованын сүйүктүүсү колун сурады (видео)

"Кыска тамаша" долбоорунун резиденти, актриса Айгерим Саматованын сүйүктүүсү колун сурады. Бул тууралуу актрисага байланышканыбызда билдирди.

Ал белгилегендей, 19-июль күнү ага сүйүктүүсү баш кошуу сунушун жасады.

"Жигитим экөөбүз алты жылдан бери сүйлөшүп жүрчүбүз. Мамилени ачыкка чыгарууну экөөбүз тең каалаган эмеспиз, анан бүгүнкү күнгө жеттик. Аябай толкунданып жатам.

Эми турмушка качан чыгасың деген суроолордон кутулдум. Бул мырзаны (Мадияр Русланов) жакында тааныштырам. Кош бол, эми бойдокчулук", - дейт актриса.

Белгилей кетсек, Айгерим Саматова "Кайнене", "Кайнене 2" тасмаларында роль жаратып, бир катар клиптерге да тартылган.

Ал эми актрисанын колун сураган Мадияр Русланов чыгармачылык чөйрөсүнөн алыс эмес, ырчы жана аткаруучу.

видео
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан